Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын аянтчасында бүгүн, 23-февраль мекенди коргоо майрамына байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кызматтык милдеттерин аткарууда артыкчылык көрсөткөн башкармалыктын жалпысынан 100гө жакын кызматкерлери сыйлыктарга ээ болушту.
"Ардак грамоталарды, алкыш баракчаларын, төш белгилер менен медалдарды салтанаттуу түрдө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов тапшырып, өздүк курамга өз куттуктоосун дагы билдирип өттү. Өздүк курамды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы Касым Кадыров дагы куттуктап, улуу муундун, ата-бабаларыбыздын салтын улап, ар дайым биримдикте мекенибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүнү унутпоо зарылдыгын эскертти", - деп жазылат маалыматта.