SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору акыркы бир жума ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк спортто орун алган урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантат.
Кыргыз футболчу кызы Айдана Оторбаева дүйнөлүк FIFpro уюмунун атайын сыйлыгына ээ болду.
Белгилүү кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков ачылуу аземинде күрөштөгү карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды. 31 жаштагы Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча үч жолу Дүйнө чемпиону аталган. Анын карьерасын жыйынтыкташы менен жакын достору унаа белек кылышты.
2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагындагы 30-мартта өтө турган Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши белгисиз убакытка жылдырылды. Оюн Мьянмадагы туруксуз саясий эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жылдырылган. Беттештер болжолдуу июль айында өтүшү мүмкүн.