Нарында туруксуз аба ырайынын күтүлүшү менен ашууларда унаалар аралыкты 500 метрден сактоосу зарыл

23-февраль күнү Нарын облусунун аймагында туруксуз аба ырайынын күтүлүшү менен Кызарт, Долон, Кызыл-Бел, Кара-Гөө жана Кубакы ашууларында жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кыймыл үзгүлтүксүз улантылууда. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Ашуу белдерге, кооптуу аймактардагы чукул жерлерге кызматкерлер тарабынан посттор уюштурулуп, кырдаал көзөмөлгө алынууда.

Ал эми, жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында, 12 атайын техника тартылып, тайгакка каршы себилүүчү 93 тонна инерттик материалдар себилип, 72 жол жумушчу иш алып барууда.

Нарын ОИИБинин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону жана жол кыймылынын эрежелерин, айрыкча ылдамдыкты так сактоого чакырат.

Ошондой эле, 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата жол кырсыктарынын алдын алууда, жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүү шарттарын түзүү жана унаажолдун абалын жакшыртууда кошкон салымдары үчүн №41 Жол тейлөө ишканасынын айрым кызматкерлери, Нарын ОИИБинин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан «Ардак грамоталар» менен сыйланышты.

Ары, түйшүктүү, ары сыймыктуу, жоопкерчиликти талап кылган кесипти аркалап жаткан кызматкерлерге куттуктоо сөздөрү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан