Жалал-Абадда 100дөн ашуун жоокер жөө жүрүшкө чыгып патриоттук ырларды ырдашты. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата жоокерлер калаанын борбордук Ленин көчөсүндө жүрүшкө чыгып, патриоттук ырларды аткарышкан.
Алар Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы №52 870 аскер бөлүгүнүн атайын багыттагы "Илбирс" бригадасынын жоокерлери.
Уюштуруунун максаты өздүк курамдын моралдык духун көтөрүү, өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.