Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов 23-февралда Орусияга иш сапары менен барды. Анда ал Москвадагы "Кыргызстан" павильонунун иши менен таанышты.
Мындан тышкары павильон жайгашкан "Москва" жармаңке-көргөзмө комплексинин башчысы Омар Муртузалиев менен жолугушуп, өлкөдө өндүрүлгөн товарларды Орусиянын базарларына кеңири чыгаруу маселесин талкуулады.
Маалыматка ылайык, Омар Муртузалиев жармаңке-көргөзмө комплексинин аймагында кыргыз ишкерлери үчүн өз товарын сатууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдирген.
Жолугушуунун аягында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен "Москва" комплексинин ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү.