Бишкек-Ош унаа жолунун 223 чакырымында бүгүн, 23-февраль саат 20:15 чамасында кар көчкү түштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 272 чакырымында жайгашкан "Арал" стационардык посттуна бардык унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жалпы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоону эскертет.
"Кар көчкү эки-үч сааттын аралыгында тазаланып, жолду ачууга мүмкүнчүлүк бар экендигин ордунда жумуш алып барып жаткан тийиштүү кызматтар билдирүүдө. Ошондуктан чектөөдө турган жалпы айдоочуларга сабырдуулук каалайбыз",- деп билдирет басма сөз кызматынан.