"Баары үчүн рахмат!". Футболчу Роналдиньо апасы каза болгондон кийин алгачкы билдирүүсүн жарыялады

40 жаштагы легендарлуу бразилиялык футболчу Роналдиньо апасы Мигелина Элои Дос Сантос каза болгондон кийин алгачкы жолу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына апасына арнап билдирүү жарыялады.

"Менин үй-бүлөм жана өзүм сизге өтө оор мезгилдерде көрсөткөн сүйүүңүз жана колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Апам аны билгендердин баарына күч-кубат, кубаныч тартуулаган. Биз анын жарыгын жашообузда колдоно беребиз. Анын берген күчү менен биз жашообузду улантабыз. Баары үчүн рахмат", - деп жазды ал.

2020-жылдын декабрь айында Роналдиньо апасы коронавирус жуктуруп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн жарыялаган. Оорунун айынан футболчунун апасы 21-февралда каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан