Биз социалдык тармакта

"Ош базарда" башаламан соода-сатык кылган жарандарга протокол түзүлүп, айып пулдар салынды

Башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "Ош базарынын" айланасындагы Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, Кулиев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгындарын жаратып, унаа жүрүүчү жолдорго чейин чыгып кеткен мыйзамсыз башаламан соода-сатык кылган сатуучуларга карата түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүшкөн.

"Натыйжада бузуулар тууралуу кодексинин 120-беренеси "Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу" негизинде 6 протокол толтурулуп, 2-категориядагы айып пулдар салынды. Мындан сырткары туура эмес орун алган соода-сатык жерлер тазаланып алдырылды", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nargiza1987k
2021-02-24 11:56:28
Мерия иштеп атат окшойт азамат иштегиле
0
zam81
2021-02-24 13:35:10
Тазалап кетери менен кайра эле чыгып жатышатко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан