"Слово Кыргызстана" гезитинин кеңсесиндеги чыр. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Буга чейин "Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова кеңсесинде сабалганы тууралуу кабарланган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене "майда бейбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-февраль күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында Биринчи Май РИИБине "Слово Кыргызстана" гезитинин редакциясында аялдар ортосунда жаңжал болуп жатат деген билдирүү келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда А.К. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошо эле күнү аталган гезиттин кеңсесинен Б.У. аттуу аял арыз ээсине иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, денесине залал келтиргенин билдирген.

Ошондой эле милицияга Б.У. аттуу аял дагы арыз менен кайрылган. Анда К.А. анын дагы денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүсүн өтүнгөн. Мындан сырткары, ошол эле күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна А.К. аттуу аял сабалган абалда түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча дене жаракаттарынын бар экендигин жана алардын канчалык деңгээлде оор экендигин аныктоо үчүн зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет", - деп билдиришти мекемеден.

Учурда сотко чейинки процесстин алкагында тергөө иштери уланып жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан