Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» мыйзамына ылайык, аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паёгунун ченеми жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдайт.
Кабыл алынган чечимге жараша паёктун бардык түрү жогорулатылат. Анын ичинде жалпы аскердик паек, дарылануу паегу, жалпы аскердик кургак паек, бийик тоодогу кургак паёк, түнкү паёк жана учкучтук паёк жогорулатылат. Ошондой эле рационго колбаса азыктары, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилет.
Токтом 1-апрелден тарта күчүнө кирмекчи.