Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (ред.Көлбаев) камакта калуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көлбаев №47 түзөтүү колониясында 22-мартка чейин калат. Мындай чечим сот тарабынан бир апта мурун, тагыраагы, 17-февралда кабыл алынган.

Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин 2-ноябрда №47 абакка которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2021-02-24 13:21:46
Уйун сагындыго чыгарбайсынарбы сыразу уй камагына чыгарчу элего)
-1
Rakyl12
2021-02-24 14:15:11
муну башын ийбей эле алып келдиго же бул атасыбы )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан