Өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Сосновка" пунктунан ташуучу транспорт каражаттарынын өтүүсүнө саат 15:00дөн эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө киргизилет. Мындай чектөө жол кырсыгын алдын алуу жана тыгындарды болтурбоо үчүн киргизилди.
Мекемеден зарыл иши болбогондорду алыскы жолго чыкпоого чакырат.