Бишкек шаарында жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн, мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 1985-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран кармалды.
"Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун тургуну болот. Мурда 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси "Айдап качуу", 123-берене "Адамды уурдоо" жана 170-беренеси "Опузалап талап кылуу" боюнча соттолуп, катуу режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан.
Бирок 2019-жылдын июль айында Ысык-Ата райондук сотунун токтому боюнча аталган жаран Новопакровка айылында жайгашкан №3 мекемесинен 2 жыл 6 айга мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө үчүн бошотулган. Андан соң аны жашаган жери боюнча каттоого Чаткал району боюнча пробация органына жөнөтүшкөн. Кийин 2020-жылы Чүй облустук соту тарабынан жогорудагы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө боюнча токтому жокко чыгарылган", - деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалыматы боюнча Ж.С. жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн. Ал кармалып, мындан ары жаза мөөнөтүн өтөө үчүн ал ЖАМКтын имаратына жеткирилди. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Ж.С. ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.