Чүйдө Хизбут –Тахрир диний экстремистик уюмунун көз карашын жайылтууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан интернет түйүндөрү аркылуу Кыргыз республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин көз карашын камтыган материалдарды таркатып жаткан аккаунт аныкталган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында жогорудагы аккаунт аркылуу таркатылган материалдарда өлкөдө тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюумунун көз карашын камтыган материал бар экендиги аныкталган.
Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 23-февраль күнү Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 43 жаштагы Б.Э. аттуу жаран Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.