Роза гүлүн кайсы убакта отургузуу керек? Бакты бутабай койсо эрте карыйбы? Жаш агроном менен болгон маек

Жаз мезгили келери менен шаардабы, айылдабы айтор ар бир адам өзүнүн короо-жайына бак тигип, көчөт отургузуп көрктөндүрүү иштери менен алектенет эмеспи. Баарыбыз эле көчөт отургузууну билебиз. Бирок көчөттү туура тандап отургузуу, бакты бутап, ага кам көрүү башка маселе.

Жаш агроном Уланбек Кадырали уулу көчөттү кантип туура отургузуу жана бакты кантип кыйыштыруу керектиги боюнча SUPER.KG порталына маек курду.

Уланбек Кадырали уулу Кыргыз-Түрк Манас университетинин маркетинг бөлүмүн аяктаган. Учурда Бишкектеги инновациялык технологиялар эл аралык университетинин экономика бөлүмүн аяктоо алдында турат. 2019-жылы жай айларында студенттик программа менен Германиянын Бонн шаарында багбанчылыктын жаңы технологиялары боюнча маалымат алып, интенсивдүү бактарды курууну үйрөнүп келген. "Багбан.кж" уюмунун түзүүчүсү. Учурда багбанчылык менен алектенет.

- Жаз мезгилинин келерине да саналуу гана күндөр калды. Кайсы айдан баштап, кандай тартипте көчөт отургузуу керек?

- Көчөт отургузуу иштери жылдын эки мезгилинде болот. Күз жана жаз айларында. Кыргыз өлкөсүнүн шартында жазгы бак, көчөт отургузуу иштери ар кайсы аймакта ар кандай убакта башталат. Мисалы, Ош облусунун Араван районунда, Баткен облусунда март айынан баштап көчөт отургузуу иштери башталат. Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында март айынын аягында, апрель айында башталат. Орточо эсеп менен март айынын аягынан тартып май айынын башына чейин көчөт отургузуу иштерин жүргүзүүгө болот.
Бирок азыркы учурда Кыргыз өлкөсүндө ар кайсы чет өлкөлөрдөн көчөттөр келип жатат. Чет өлкөдөн алынып келинген көчөттөр жабык тамыр системинде сакталат. Тамыр системи атайын препарат менен уктатылып, муздаткычта сакталат. Андай көчөттөрдү жай айында да отургузууга болот.

- Көчөт отургузуунун кандай методдору бар?

- Мөмө берүүчү көчөттөрдү отургузуу тартиби, болочоктогу бактын түрүнөн көз каранды болот. Кыргыз өлкөсүндө бактын традициялык түрү кеңири жайылган. Традициялык бак бийик өсүп, 5-6 жылда түшүм бере баштайт.
Көчөттөрдү отургузуу аралыгы алыс болот. Мисалы, бийик өсүүчү мөмө бактары көбүнчө 4-5, 5-7 өлчөмүндө отургузулат. 4-5 көчөттөрдүн бири-биринен алыстыгы 4 метр, катарлардын аралыгы 5 метр болот. Көчөттөрдү жерге отургузуу иштери да оор. Бир көчөттү отургузуу үчүн жерди 1м^3 өлчөмүндө казып, ал жерди кайра кара топурак, жер семирткич, малдын чириген кыгын кошуп аралаштырып толтуруп, ошол даярдалган жерге көчөттү отургузуу керек. Ушул жерде көпчүлүгү ката кетиришет. Эптеп эле көчөттүн тамыры батчудай кылып жерди казып көмүп коюшат. Чуңкурду кенен казуу көчөттүн тамырынын бат өрчүүсүнө шарт түзөт. Көчөттүн тамыры канчалык жакшы өссө үстүнкү бөлүгү да ошончолук жакшы өсөт.
Традициялык методдон сырткары интенсивдүү бак тигүү методу бар. Интенсивдүү бактын өзгөчөлүгү, кичине аянттагы жерге, көп өлчөмдө көчөт отургузуп, 2-3-жылы түшүм берет. Мисалы, интенсивдүү бакта 1 гектар жерге 3-4 миң түп көчөт отургузуу мүмкүн. Ал эми традициялык метод менен 1 гектар жерге 500 түпкө чейин эле көчөт отургузуу ыктымал. Интенсивдүү бактын көчөттөрдүн отургузуу аралыгы 1-3,5 метр болот. Көчөттөрдүн бири-биринен алыстыгы 1 метр, ал эми катарлардын аралыгы 3,5 метр болот.
Интенсивдүү бак үчүн атайын эргежел (карлик) көчөттөрү отургузулат. Эргежел көчөттөрдүн өзгөчөлүктөрү аябай көп. Мисалы, аты айтып тургандай эле бою кичине болот. 3-3,5 метр бийиктикке чейин өсөт. Тамыр системи да майда, чач сыяктуу болуп, ок тамыр, узакка кетүүчү чоң тамырлары болбойт. Бир бак 30-35 килограммдан 60-70 килограммга чейин мөмө байлайт. Бутактары ичке болуп туура эмес кароо учурунда, мөмөлөрүн көтөрө албай сынат. Ошондуктан шпалер системи орнотулат.

Көчөттөрдү жерге отургузуу да оңой. Жерди трактор менен айдатып, жумшартып, даярдалган жерге арык казып ошол арыктын ичине эле отургузулат же кичинекей эле чуңкурлар казылып отургузулат. Көчөттү жерге отургузганда анын уланган жерин жердин бетине чыгарып отургузуу керек. Отургузулган көчөттүн тамырын жел кирбегендей кылып бут менен таптап, 1-2 чака суу куюп коюу зарыл.

- Абдан пайдалуу маалымат болду. Ал эми көчөт отургузууда аймактар боюнча айырмачылык болобу? Мисалы, так дата менен бөлүштүрсө болобу?

- Так дата менен айырмаланбайт деле. Жогоруда белгилегендей Ош, Баткенде бир аз эрте башталбаса эле көп айырма деле жок. Аба ырайы да чоң роль ойнойт. Мисалы, былтыркы жылы март айында кар жаап койду. Бул учурда жаңы отургузулган көчөттөрдүн көбү куурап калат. Ошондуктан аба ырайын алдын-ала карап көчөт отургузуу туура. Алсак, күн ысып кетсе көп коркунуч жок. Убагы менен суу куюп турган жетиштүү. Ал эми суук болуп кетсе жаңы көчөттөрдү сактоо кыйын. Анан жалбырак чыгып, бүчүр ачкан көчөттөрдү отургузуу сунушталбайт. Отургузуу учурунда көчөт "уйкуда" болгону жакшы.

- Алма, өрүк, алча сыяктуу өсүмдүктөр жерге отургузуп жатканда канча сантиметрге чейин тамыры жерде калышы керек?

- Эгерде көчөт кыйыштырылбаган (не калированный) болсо жерге канча терең отургузулса ошончо бекем болот. Ал эми кыйыштырылган, уланган көчөттөрдүн уланган жери (подвойдун (тамырдын) мурду) жердин бетинен кеминде 5-6 сантиметр чыгып туруусу зарыл.

- Роза гүлүн кайсы убакта отургузуу керек?

- Роза гүлүн үй шартында көбөйтүүнү же бир жерден казып алып башка жерге олтургузууну кааласаңыз апрель же октябрь айында жасаңыз. Эгер гүлдүн көчөтүн базардан сатып алсаңыз тамыр системи жабык болсо, атайын контейнерде болсо кыш мезгилинен жана суук убакыттан башка бардык убакта отургузсаңыз болот.

- Цитрус өсүмдүктөрүн биздин өлкөдө өстүрүүгө болобу?

- Кыргыз өлкөсүнүн шартында бардык өсүмдүктөрдү өстүрүү мүмкүн. Ошондой эле цитрус өсүмдүктөрүн дагы. Мисалы, лимонду Бишкекте өстүргөндөр көп. Лимондун көчөтүн кадимки гүл өстүргөн чоң идишке отургузуп өстүрсө болот. Жай, күз айларында короого чыгарып, ал эми кышында үйгө жылуу жерге киргизип койсо кадимкидей эле түшүм берет. Андан сырткары атайын күнөсканада өстүрсө болот. Лимондон сырткары киви, банан, ананас өстүргөндөр да көп. Киви бадыраң сыяктуу болуп өсөт жана бир сезондук өсүмдүк. Короодо эле өстүрүп түшүмүн алса болот. Ал эми бананды күнөсканада өстүрсө болот. Ош аймагында банан көчөттөрүн өстүрүп түшүмүн алышат.

- Азыркы учурда бактарды кыйыштырууда жаңы технологиялар колдонулабы?

- Жаз алдында, атап айтканда февраль айынын орто ченинен (кыш чилдеси чыккандан кийин) апрель айларына чейин жазгы бутоо иштери жүрөт. Бутоо иштери бактын туура формага келүүсүн жана азык-түлүктүн туура багытка пайдаланылуусун шарттайт.

- Бакка туура форма берилбесе же такыр буталбаса эмне болот?

- Бакты бутабай койсо бак эрте карыйт. Ашыкча бутактары көбөйүп түшүмдүүлүк азаят. Бакка берилген азык-түлүк бутактарына кетип, түшүм майда боло баштайт. Бак кезек менен түшүм бере баштайт. Мисалы, бир жыл түшүм берип, бир жыл бербей калат. Бул көрүнүштү бизде кадимки көрүнүш катары баалашат. Бирок бул туура эмес. Бак бара-бара жапайы даракка айлана баштайт. Жыл сайын майда бутактар чыгып бутактары коюуланып кетет. Жалбырак көп болгондуктан, арасындагы же асты жагындагы мөмөлөргө күндүн нуру жана шамал жетпегендиктен мөмөнүн даамы, өңү өзгөрөт. Ошондуктан бакты жыл сайын бутоо зарыл.

Бак 3 түрдүү буталат:

* Форма (келбет) берип бутоо. Кыш мезгилинин акыркы айларында, жаз мезгилинин башында. Бакта суу жүрүү этабы башталганга чейин жасалат. Башкача айтканда, бак "уктап жаткан" мезгилде. Бул учурда бакты туура формага келтирилет. Бутактардын 50-60 пайызы кесилет. Бакта жаңы жаш бутактардын пайда болуусун жана көп түшүм алган учурда бутактардын сынбоосун шарттайт. Бак жашарып, өмүрү узартылат. Күндүн нуру бирдей тийип, жел айлануу системи түзүлөт. Азык-түлүктөн берилген энергия туура багытка колдонулат.
* Жашыл бутоо (чиканка). Бак түшүм байлаганда жасалат. Жаңы чыккан бутактар кыскартылат. Ашыкча мөмөлөр алынат. Түшүмдүн көлөмүн, калибровка жасалат. Түшүмдүн майда же чоң болуусу бутоонун ушул түрүнөн көз каранды.
*Санитардык бутоо, тазалоо. Күзүндө түшүм алынгандан кийин жасалат. Ооруган, сынган бутактары кесилет. Ооруган бутакты убагында кесип салуу бактын толугу менен куурап калуусунан сактайт.
Бутоо иштери бактын түзүлүшүнө жараша болот. Алсак, интенсивдүү бактарда форма берүү, традициялык метод менен өтүлгөн бактарга караганда башкача болот. Мисалы, интенсивдүү бакта бутактар тепкичи-тепкич болуп калтырылат жана негизги өзөк, лидер кесилбейт. Ал эми чоң бактарда негизги өзөк 40-50 сантиметр бийиктикте кесилип 4-5 ар тарапты көздөй кеткен бутактар калтырылат. Бутактардын ортосу ачык болот.
Бактарды бутоодо бак кайчысы жана бак араасы колдонулат. Бак араасы курулуш араасынан башкача болот. Жарым ай сыяктуу ийилген жана ичке болуп кесүүчү тиштери майда жана бир тараптуу болот. Азыркы учурда бул араанын да электр энергиясы менен иштөөчү түрлөрү бар. Ал эми бак кайчысы бутоодо негизги курал. Бак кайчысынын да аккумулятор менен иштөөчү түрлөрү бар. Биз бул жылы Украина өлкөсүнөн атайын буйрутма менен алдырдык. Мындай кайчы менен иштөө жөнөкөй бак кайчысы менен иштөөгө караганда алда канча жеңил. Балдардын колдору талыбайт. Кандай чоң бак болсо да чарчабай иштей беришет. Андан сырткары жумушту тездетет. Бир аккумулятор 4 саатка чейин тынымсыз иштейт жана кошумча аккумулятору да бар. Тилекке каршы мындай буюмдар азырынча Кыргыз өлкөлөрүнүн базарларында сатыкка чыга элек.

- Абдан пайдалуу жана керектүү маалыматтар менен бөлүшкөңүзгө терең ыраазычылык билдиребиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nursul
2021-02-24 22:03:57
Бак отургузу кыйыштыруу бутоо жөнүндө китеп барбы билгендер жазып койгулачы.
+1
Alinur96kg
2021-02-25 05:08:35
Бадыран сыяктуу болуп оскон да киви барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан