Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда чет элге биринчи иш сапары менен Орусия Федерациясынын Москва шаарына барып, Владимир Путин менен жолукту.
Анда Садыр Жапаров Путинди Кыргыз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Учурдан пайдаланып сизди Кыргыз өлкөсүнө чакырам. Өзүңүзгө ыңгайлуу күнү биздин өлкөгө расмий иш сапарыңыз менен келип кетиңиз", - деген Жапаров.
Владимир Путин бул үчүн ыраазычылык билдирген.