Эртең, 25-феваралда Бишкектин Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
"Жазгы-жайкы оңдоо иштерине байланыштуу Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында эртең саат 9:00дөн баштап 18:00гө чейин таза суу берилбейт.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана шаардыктардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөбүз", - деп билдиришти мэриядан.