Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа жолу эртең, 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды.
"24-февраль күнү Жарандык Коргонуу башчысы премьер министрдин буйрутмасынын негизинде, Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы постунда, унаалардын бардык түрүнө 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды", - деп жазылат маалыматта.