"Силердин билимиңер - бул чоң ресурс". Садыр Жапаров Орусиядагы кыргыз студенттерине кайрылды

Президент Садыр Жапаров Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушууда кыргыз студенттерине кайрылды.
Мамлекет башчысы Орусиянын окуу жайларында 16 миңден ашык кыргыз жарандары билим алып жаткандыгын, алардын дээрлик жарымы квота боюнча бюджеттик негизде окуп жатышканын белгиледи.
"Силер - жаңы муун, Кыргыз өлкөсүнүн келечектеги өнүгүшүнүн негизги күчү болосуңар. Силердин билимиңер - бул чоң ресурс. Окууну аяктагандан кийин мекенге кайтып келип, өлкөбүздүн көптөгөн тармактарынын жана секторлорунун өнүгүшүнө салым кошууга чакырам", - деди Садыр Жапаров.
Ал мамлекеттик кызматкерлерди тандоо системин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кеңири токтолуп, анын натыйжасында жакшы билим алып, өлкө үчүн ак ниет иштеп берүүгө даяр бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматтарга орношууга мүмкүнчүлүк алышарын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан