Баткен облусу аркылуу Тажикстанга аткезчилик жол менен май ташуу токтой элек. Бул тууралуу Маратбек Мирланбек аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасына видео тиркеп, төмөнкүдөй пикирин жазган. Айтымында, май ташыган унаалар Тажикстанды көздөй дагы деле агылып жатат.
"Элиңди камап жатса да, майын ташып тургула, генерал наам кут болсун", - деп жазган колдонуучу.
Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жергиликтүү эл менен жолугуп, аткезчилик жол менен ташылган жүктөргө бөгөт коюла турганын убадалаган.