UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко кезектеги беттешин 24-апрелде өтө турган "UFC 261" турниринде өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Шевченконун атаандашы бразилиялык мушкер Жессика Андраде болот. UFC уюму азырынча турнирдин кайсы жерде өтөрүн расмий жарыялай элек. Бул беттеште Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.
2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган. Ал эми Жессика Андраде октябрь айында америкалык мушкер Кэтлин Чукагяндын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.