Биз социалдык тармакта

Орусия макулдашылган жоболорду ишке ашырууга 623 миллион рублдан ашуун каражат бөлөт

Вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улугбек Кармышаков менен Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улугбек Кармышаков менен Денис Мантуров өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн олуттуу талкуулашты, эки тараптуу соода жүргүзүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана Орусияда кыргыз продукциясын жайылтуу максатында биргелешкен ишканаларды түзүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз мамлекетинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүүгө Орусия акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Макулдашууда камтылган жоболорду ишке ашыруу үчүн Орусия 623 миллион 400 миң рубль бөлөт.
Муну менен товарлардын айрым топторунун изделишин камсыз кылууга, ошондой эле контрафакттык жана контрабандалык товарлар менен күрөшүүгө багытталган товарларды маркировкалоо үчүн маалымат тутумун кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү жана толук адаптациялоону карайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-02-25 11:37:30
Оо бирталайы байып алат экенда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан