26-28-февраль күндөрү Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнир өтөт. Турнирге катыша турган Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер курамасы бүгүн, 25-февралда учуп кетет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күрөш федерациясынан кабарлашты.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында 5 балбан кыз катышат. Алардын тизмеси менен ссылка аркылуу өтүп тааныша аласыз. Ал эми эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча балбандардын жарымы Киев шаарына жетсе, жарымы бүгүн учушат.
Киевде өтө турган турнирге 35 өлкөнүн балбандары катышат.