"Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин ар кайсы министрликтерге бөлгөн туура эмес", - деп бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева билдирди.
"Жакында өкмөттүн түзүмү боюнча жарлык чыкты. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги эмнегедир экиге бөлүнүп, жарымы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жарымы Айыл чарба министрлигине кетип жатат. Бул деген чоң систем болсо эмнеге эки жакка бөлүп жатасыздар?! Мындай жол менен чоң системди бузуп жатасыңар. Экология боюнча чоң коркунуч болуп жатканда бул системди бузган туура эмес", - деди депутат.