Биз социалдык тармакта

Депутат Акаев насыя алгандардын маселесин көтөрдү

Депутат Жанар Акаев былтыркы жылдын алты айында эле 150 миңден ашуун жаран насыя алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде 100 миңдеген адамдар насыя менен күн көрүшөт. Былтыркы жылдын 6 айында эле 150 миңге жакын адам насыя алган. Пандемиянын кесепетинен чек аралар жабылды, доллардын куну өстү, азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат. Өкмөттөн, банктардан, депутаттардан жардам сурап 100дөгөн адамдар жүрүшөт. Эл көйгөйү деп аталган коомдук бирикме бүт Кыргыз мамлекети боюнча насыясын төлөй албай калган пайыздык төлөмдөрдөн жеңилдик сураган жарандарды чогултуп, Ак Үйдүн алдында Жогорку Кеңешке, президентке кайрылып келип жатышат. Буга чейин алар мэриянын, өкмөттүн алдына түнөгөн учурлар болду. Өкмөт жана Улуттук банк буга тыкыр көзөмөл кылып, кыш мезгилине карата жеңилдиктерди берүүнү карап чыгышы керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
didu
2021-02-25 12:32:53
Ээ бар экенсинго азамат
+2
NURSAPAR
2021-02-25 13:39:48
Ооба эң туура
+1
nazarnew
2021-02-25 13:42:05
Насыяны пандемия учурунда карабайт белеңер, үстүнөн процент кошуп жешти, уже поздно кыйкырганынар менен, баары бир иш жүзүндө фиг дагы аткарылбай келет,
0
zhaynak
2021-02-25 14:05:51
nazarnew,айтпай эле койсунбу не ошондо. Кой айта берсин сен экообуз экрандын артында туруп жалпайта жаза беребиз
+3
Kombi
2021-02-25 21:18:22
Негизи айдын башына % толонот. Ошону тегиз 12 айга болуп койсо да чоон иш. Депутаттар ушул мыйзамды которуш керек
0
Baha.A
2021-02-26 11:45:34
Банктардын көпчүлүгү чоңдордуку . Өздөрүнө ыңгайлуу шарт менен ура берет. Элди ойлогондору аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан