Биз социалдык тармакта

Нарында 158 мигранттын балдары каттоого алынып, 2 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы аныкталды

Нарын облусунда зомбулукка кабылган балдарды аныктоо максатында 8 миң 133 үй текшерилди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, үймө-үй кыдырууда Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана башка топтордон өкүлдөр катышкан.

"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандарды табуу аракетинин натыйжасында 158 мигранттын балдары каттоого алынып, 2 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы аныкталды. Ырайымсыз мамилеге кабылган балдар аныкталган жок.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок 3 өспүрүм катталып, 252 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо-турмуштарынан кабар алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан