Депутат Эмиль Токтошев дыйкандарды арзан күйүүчү май менен камсыздоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жазгы талаа жумуштарына өкмөттүн даярдыгы кандай? Мына дыйкандарыбыздын негизги көйгөйү жакында башталат. Жазгы талаа жумуштары башталса күйүүчү май боюнча көйгөй жаралат. Өкмөт дыйкандарга жардам берем десе күйүүчү майдын баасын түшүрүү керек. Күзүндө эмнеге продукция кымбат деп айтабыз. Өкмөт дыйкандарга күйүүчү майдын баасын жок дегенде эки ай түшүрүп турушу керек", - деди Токтошев.