Кечээ, 25-февралда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Кусейин Карасаевге арналган "Кылымдарга тете из калтырган залкар" аттуу китеп көргөзмөсү өттү. Белгилей кетсек, атактуу илимпоз, түрколог, окумуштуу Кусейин Карасаевдин быйыл 120 жылдыгы белгиленүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана тарабынан уюштурулган.
Буга чейин кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык жарыялаган. Бир айлыкка республика боюнча бардык мамлекеттик-муниципалдык мекемелер, ишкана-уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү мекемелери жана башка каалоочулар катышкан.