Биз социалдык тармакта

Өлкөдө көмүр арзандадыбы? Статистика комитетинин жообу

Өлкөдө 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу февраль айында көмүр арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"2021-жылдын 22-февралында үстүбүздөгү жылдын январына карата көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо алганда бир тонна үчүн 51,52 сомго же 1,1 пайызга төмөндөдү", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн - 3 500 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн - 7 974,66 сом), Баткен (бир тонна үчүн - 7 819,61 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн - 5 899,15 сом) шаарларында катталган.

"Көмүргө карата баалардын бир кыйла өсүшү мурунку айга салыштырмалуу Баткен шаарында - тоннасы 1 156,96 сомго же 17,4 пайызга белгиленди. Бир эле убакта Исфана шаарында анын баасы - тоннасы 1 145,30 сомго же 27,2 пайызга төмөндөгөн. Негизинен байкоого алынган калктуу конуштарда баалар өткөн айдын деңгээлинде калды", - деп кошумчалашты Улуттук статистика комитетинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuyoo_bala
2021-02-25 16:36:13
1 мешок 200дөн
0
NURSAPAR
2021-02-25 16:48:28
Жаз келе жатса арзандайт да. Аны коюп солярка бензинди арзаныраак кылып бергиле сезон маалда.
+3
bond
2021-02-25 17:48:56
Тоок мээлер кыйраттынар жаз келгенде көмүр арзандады деп жаңылык кылып алыпсынар. Продуктулардын кымбаттаганын бензиндин кымбатташы эч нерсе эмес экенда.
+3
bond0202
2021-02-25 18:53:07
bond,ал жонундо уккулары да келбейт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан