Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Токтогул ГЭСин реконструкциялоого 70тей Тажик жараны келди" деген маалыматка тиешелүү мекеме түшүндүрмө берди

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына атын атагысы келбеген окурман "жергиликтүү эл жумушу жок отурса Токтогул ГЭСин реконструкциялоого 70тей Тажик жараны иштегени келди" деп билдирген.

Кайрылган жаран реконструкциялоого "эмне үчүн жергиликтүү тургундарды алышпайт" деп нааразычылыгын айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Электр станциялары" ААКсына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Субподрядчик ишти ийгиликтүү аткаруу үчүн квалификациялуу деп эсептеген кишилерди жалдайт. Эгер эки талапкер тең бирдей квалификацияга ээ болсо, анда жергиликтүү талапкер артыкчылыкка ээ болот.

Долбоордун негизги маселеси кыргыз электр тутумунун негизи эсептелген Токтогул ГЭСин реабилитациялоону ийгиликтүү ишке ашыруу болуп саналарын белгилеп кетебиз. Жергиликтүү адистердин алардын жогорку квалификациялык шартында ГЭСте иштөөгө болгон умтулуусун биз колдойбуз.

Өз мезгилинде бул ГЭС бүткүл союздук курулуш болуп жарыяланган жана анын курулуш иштерине көптөгөн улуттардын жана республикалардын адистери катышкан. Жергиликтүү бийлик Токтогул ГЭСине жаңы жумушчу орундарды түзүү жолу менен жаштарды иш менен камсыздап, ишке тартуу үчүн бардык аракетин жумшайт деп ишенебиз", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sakubek
2021-02-25 16:45:13
Кооз жооп беришиптир
+5
aitiev1210
2021-02-25 16:49:37
Ошондо кандай тажик жарандары келип иштеп атканы чынбы же жалганбы? Айландырып эле жооп берип коюптур го
+7
NURSAPAR
2021-02-25 16:50:01
Ар нерсени тантырабай жеп алганыбыз дегиле да
+9
Munir81
2021-02-25 18:53:41
Ишке алган эргулдарды баткенге же лейлеке алып келип конфлике кошуп тажиктерге откоруп бир эки ай каматып койуш керек анан билет эле. арзан деп тажик алып барганда эргулдар
+4
bond
2021-02-25 19:12:58
Ске сөздү айландырып суудан курук чыгыпсында жергиликтүү эл айдап чыккыла тажиктердин. Тендер кыргыздын түбүнө жете турган болду каерди караба Кытай эми тажиктер. Эмне өзүбүздө баары ашып жатабы тоок мээлер.
+6
KaGaH
2021-02-25 19:35:32
Тажиктер квалификационный болуп калышыптырбы?андан көрө ачык айткыла акча үнөмдөө деп,тажиктер копейкага деле иштей беришет, Москвада көрүп жүрүк
+4
Jan-tumarym2017
2021-02-25 22:16:08
Мындай көрүнүш азыркы учурда абдан көп. Биздин айылда дагы мектепти өзбектер куруп жатышат. Тендерден уткан адам акчасын үнөмдөө үчүн, арзан иштеген ишкерлерди тартып жатат. Жумуш жок дебей айылдагы бекер жүргөн эркек балдар, өзбек тажиктер иштеген суммага иштеп коюшса болмок... Ансыз деле жумушсуз отурушат.
+2
BarsBaatyr
2021-02-25 23:29:26
Ошондо тажиктер иштеп жатышканы чын экен да.
+2
Zamir-toktonazarov
2021-02-26 10:01:01
Тажиктерге курсак тойсо болду, алар кайсы квалификациялык жумушту жасап адис болуп кетишти экен. Бетон шыбак иштерин кылып журсо керек,дагы бир кыргыз кыкен доляга олтурду да,
0
Taalaibek.
2021-02-27 17:44:38
Биздин чиновниктердин акылы тайкы экен. Буларга айт, дубалга айт айрымасы жок. Буларга айткан кайран соз, бир кулагынан кирип экинчи кулагынат чыгат. Аман болгула биздин чиновниктер. Биздин балдарыбыз Кыргызстандан жумуш таппай чет жакта жургону менен булардын эч ойлору жок жана ойлоп да койбойт экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан