Ош шаарында көк бөрү боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, мелдешке Ош облусунан 12 команда (ар бир райондон 2 команда) жана Ош шаарынан бир команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Суу районунан келген команда, 2-орунду "Алай-2" командасы алса, 3-орунга Кара-Кулжанын командасы ээ болду.
"Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Жалил Осмонов катышып, улуттук спорттун түрлөрүн калк арасында жайылтуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти. Ош шаардык мэриясы турнирдин байге фондуна 100 миң сом бөлүп берди", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош шаарынын көк бөрү федерациясы жана шаардык мэриянын дене тарбия жана спорт комитети уюштурган.