Шоумен Бакыт Байсариевдин иш-чарада халат кийип түшкөн сүрөтү айрым интернет колдонуучулардын суроосун жаратса, айрымдардын талкуусуна жем таштады. Сүрөттөн Бакыт мырзанын башка алып баруучу, тамадалар менен чогуу түшкөнүн көрүүгө болот.
Бакыт Байсариевдин айтымында, борбор калаадагы мейманканалардын бири жыл сайын "Перезагрузка" аталышындагы иш-чара уюштуруп келет. Ага өлкөбүздөгү алып баруучу, шоумен, тамада катышып, көңүл ачышат.
"Иш-чарада өткөн жыл эмнеси менен эсте калганын көрсөтүп, көңүл ачалы дегенбиз. Башкача айтканда, былтыркы жылы элге жардам бергенден тышкары онлайн тойлорду алып барганбыз. Анда үстүбүзгө көйнөк, костюм кийип, алдыбызга чолок шым киебизби, эмне киебиз айырмасы жок болчу. Антракт учурунда жатып эс алып же чай ичип алчубуз. Ошол учурду эске салып, күлдүрөйүн деп костюмду чечип, халат кийип, онлайн тойлордон үзүндү көрсөттүм. Ал эми ырчылар шкафтын ичинен чыгып жатты. Залды дагы атайын жасалгалап беришти. Кечебиз жакшы өттү", - деди шоумен.