"Күтүүсүздөн". Лионель Месси "Эльче" клубунун дарбазачысынан футболкасын сурады

Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси футбол боюнча Испания чемпиондугунун алкагында өткөн "Барселона" - "Эльче" беттешинен кийин "Эльче" клубунун дарбазачысы Эдгар Бадиядан футболкасын сурады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, оюн аяктагандан кийин "Барселонанын" капитаны Лионель Месси атаандаштарынын дарбазачысы Эдгар Бадияга келип, оюн үчүн ыраазычылыгын билдирип, футболка алмашууну сунуш кылган. 29 жаштагы дарбазачы бул сунушка таң калгандыгын жашырган эмес.

Белгилей кетсек, бул оюнда Лионель Месси Эдгар Бадиянын дарбазасына эки гол киргизген жана оюн 3:0 эсебинде каталондук клубдун жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaysan030
2021-02-26 17:01:28
Конулун которуп койгусу келди да.
Молодец.
0
make2
2021-02-27 00:33:43
Мен оюнду кордум, Дарбазачы Мессиден сурады эле Месси чечип берди, а дарбазачы озунукун бергенди унутуп кетейин дегенде Месси кулуп сурады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан