Жаз мезгили келери менен ар бир адам өзүнүн короо-жайына бак тигип, көчөт отургузуп көрктөндүрүү иштери менен алектенет эмеспи. Баарыбыз эле көчөт отургузууну билебиз. Бирок көчөттү туура тандап отургузуу, ага туура кам көрүү башка маселе.
Көчөттү кантип туура отургузуу керек? Көчөттү туура тандоодо эмнелерди эске алуу зарыл? Көчөт отургузуунун методдору барбы? Аймактар боюнча көчөт отургузууда убакыт боюнча айырмачылыктар болобу? Бул суроолорго жаш агроном Уланбек Кадырали уулу жооп берди.
Көчөт отургузуу иштери жылдын эки мезгилинде болот. Күз жана жаз айларында. Кыргыз өлкөсүнүн шартында жазгы бак, көчөт отургузуу иштери ар кайсы аймакта ар кандай убакта башталат. Мисалы, Ош облусунун Араван районунда, Баткен облусунда март айынан баштап көчөт отургузуу иштери башталат. Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында март айынын аягында, апрель айында башталат. Орточо эсеп менен март айынын аягынан тартып май айынын башына чейин көчөт отургузуу иштерин жүргүзүүгө болот.
Бирок азыркы учурда Кыргыз өлкөсүндө ар кайсы чет өлкөлөрдөн көчөттөр келип жатат. Чет өлкөдөн алынып келинген көчөттөр жабык тамыр системинде сакталат. Тамыр системи атайын препарат менен уктатылып, муздаткычта сакталат. Андай көчөттөрдү жай айында да отургузууга болот.
- Мөмө берүүчү көчөттөрдү отургузуу тартиби - болочоктогу бактын түрүнөн көз каранды болот. Кыргыз өлкөсүндө бактын традициялык түрү кеңири жайылган. Традициялык бак бийик өсүп, 5-6 жылда түшүм бере баштайт.
Жогоруда белгилегендей Ош, Баткенде бир аз эрте башталбаса эле көп айырма деле жок. Аба ырайы да чоң роль ойнойт. Мисалы, былтыркы жылы март айында кар жаап койду. Бул учурда жаңы отургузулган көчөттөрдүн көбү куурап калат. Ошондуктан аба ырайын алдын-ала карап көчөт отургузуу туура. Алсак, күн ысып кетсе көп коркунуч жок. Убагы менен суу куюп турган жетиштүү. Ал эми суук болуп кетсе жаңы көчөттөрдү сактоо кыйын. Анан жалбырак чыгып, бүчүр ачкан көчөттөрдү отургузуу сунушталбайт. Отургузуу учурунда көчөт "уйкуда" болгону жакшы.
Эгерде көчөт кыйыштырылбаган (не калированный) болсо жерге канча терең отургузулса ошончо бекем болот. Ал эми кыйыштырылган, уланган көчөттөрдүн уланган жери (подвойдун (тамырдын) мурду) жердин бетинен кеминде 5-6 сантиметр чыгып туруусу зарыл.
Көчөттөрдү отургузуу аралыгы алыс болот. Мисалы, бийик өсүүчү мөмө бактары көбүнчө 4-5, 5-7 өлчөмүндө отургузулат. 4-5 көчөттөрдүн бири-биринен алыстыгы 4 метр, катарлардын аралыгы 5 метр болот. Көчөттөрдү жерге отургузуу иштери да оор. Бир көчөттү отургузуу үчүн жерди 1м^3 өлчөмүндө казып, ал жерди кайра кара топурак, жер семирткич, малдын чириген кыгын кошуп аралаштырып толтуруп, ошол даярдалган жерге көчөттү отургузуу керек. Ушул жерде көпчүлүгү ката кетиришет. Эптеп эле көчөттүн тамыры батчудай кылып жерди казып көмүп коюшат. Чуңкурду кенен казуу көчөттүн тамырынын бат өрчүүсүнө шарт түзөт. Көчөттүн тамыры канчалык жакшы өссө үстүнкү бөлүгү да ошончолук жакшы өсөт.
Традициялык методдон сырткары интенсивдүү бак тигүү методу бар. Интенсивдүү бактын өзгөчөлүгү, кичине аянттагы жерге, көп өлчөмдө көчөт отургузуп, 2-3-жылы түшүм берет. Мисалы, интенсивдүү бакта 1 гектар жерге 3-4 миң түп көчөт отургузуу мүмкүн. Ал эми традициялык метод менен 1 гектар жерге 500 түпкө чейин эле көчөт отургузуу ыктымал. Интенсивдүү бактын көчөттөрдүн отургузуу аралыгы 1-3,5 метр болот. Көчөттөрдүн бири-биринен алыстыгы 1 метр, ал эми катарлардын аралыгы 3,5 метр болот.
Интенсивдүү бак үчүн атайын эргежел (карлик) көчөттөрү отургузулат. Эргежел көчөттөрдүн өзгөчөлүктөрү аябай көп. Мисалы, аты айтып тургандай эле бою кичине болот. 3-3,5 метр бийиктикке чейин өсөт. Тамыр системи да майда, чач сыяктуу болуп, ок тамыр, узакка кетүүчү чоң тамырлары болбойт. Бир бак 30-35 килограммдан 60-70 килограммга чейин мөмө байлайт. Бутактары ичке болуп туура эмес кароо учурунда, мөмөлөрүн көтөрө албай сынат. Ошондуктан шпалер системи орнотулат.
Роза гүлүн үй шартында көбөйтүүнү же бир жерден казып алып башка жерге олтургузууну кааласаңыз апрель же октябрь айында жасаңыз. Эгер гүлдүн көчөтүн базардан сатып алсаңыз тамыр системи жабык болсо, атайын контейнерде болсо кыш мезгилинен жана суук убакыттан башка бардык убакта отургузсаңыз болот.