Ырчы жана аткаруучу Аскат Мусабеков менен Миргүл Асаналиеванын заманбап үлпөт тою өтүүдө. Эки жаштын өкүл атасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев үлпөт тойдо тартылган сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Бактылуу болгула алтындарым! Кудайым буюрса, учактан ресторанга дегендей, тойго да жетишип калдык, арыба мекеним!"- деп жазып калтырган Сыймык Бейшекеев.
Белгилей кетсек, жылдыздуу түгөйлөр 2020-жылы 25-июнда баш кошкон.