Манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү айран менен тартылды (видео)

Таланттуу, жаш сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов манасчы Саякбай Каралаевдин портретин айран менен тарткан видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Сүрөтчү тарткан эмгеги тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Видеодо Саякбай атабыз айтып жаткан манасынан бир каарман кайтып келип, манасчынын элесин түшүрөт. Жөн эле тартып койбостон кыргызда "акты жерге төкпө" деген ыйык, бийик тутуу бар. Негизи эле сүткө, айранга болгон мамиле абдан бийик.

Ошол үчүн бийик нерсе менен ушундай улуу инсандын элесин түшүрүү деген идея болчу. Портретти эки сааттын аралыгында тарттым. Азыр ал "Саякбай манасчы" фондуна белекке берилди", - деди Койчуманов.

"Портрет өчүп кетпейби, айран кантип көпкө кармалат?" деген суроо жаралат. Сүрөтчүнүн айтымында, портрет өчпөйт, анткени айранга ак түстөгү боёк кошулган.

Буга чейин көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алып, суктанууга арзыган кыргыз кызы Айгерим Мухтар кызынын улуттук кыз куумай оюнун чагылдырган жаш жигит менен жарышып, сноуборд тээп жүргөн видео социалдык тармакка жарыяланган. Видеодогу жаш жигит Төлгөбек Койчуманов экени белгилүү болду.

Саякбай Каралаевдин портрети айран менен тартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-02-26 13:20:34
Акты төгүп убал эмеспи ,талантына баа жеткис,бирок туура эмес .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан