Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири старт алды.
Турнирге 57 килограмм салмакта катышкан Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков биринчи бөлүктө эле беларустук балбанга жеңилип калды. Ушул эле салмакта килем үстүнө чыккан кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу, 65 килограмм салмактагы Алибек Осмонов жана 86 килограмм салмакта килемге чыккан Нуртилек Карыпбаев алгачкы жүрүшүндө жеңишке жетти.
Учурда беттештер уланууда.