Кийинки убакытта спортко ыктап, физикалык көнүгүүлөрдү жасагандардын саны арбып бара жатканы байкалууда. Аны менен катар эле адамдын жан дүйнөсүн, психикалык абалын тынчтандырган йогага басым жасагандар да бар. Ден соолукту чыңдоону, сергек жашоону тандангандардын арасынан шоу-бизнестеги айымдарды да кезиктирүүгө болот. Бул ирет дене мүчөсүнө, ден соолугуна кам көргөн ырчы, алып баруучу, актрисаларды топтодук.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова йога менен алектенет. Ал ден соолугу чың болуусу үчүн убакыт таап, залга барып турарын айтат.
Актриса, алып баруучу, ырчы Назира Бердигулова фитнес залга барып турат. Андан тышкары аптасына 3 ирет зумбага (бий машыгуусу) барат. "Эртең менен саат 8:00дө баламды бала бакчага жеткирип, саат 8:40та машыгууга барам. Саат 10:00гө чейин машыгып, андан кийин ишке жөнөйм. Эртең мененки көнүгүү, машыгуулар ден соолукка пайда", - дейт ал.
Ырчы Гүланда дагы сергек жашоо образын тандап, фитнес залга барып турат.
Залга баргандардын катарына актриса жана ырчы Асема дагы кирет. Ал дагы фитнес менен машыгат.
Телеалпаруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева фитнес залга такай баргандардын бири. Ошондой эле аптасына эки ирет бокс менен машыгып келет.