Киев: "Толгондон экөө". Арсалан Будажапов менен Эламан Догдурбек уулу бири-бирине туш келип калды. Кимиси жеңди?

Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири башталды.

74 килограмм салмакта мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн эки балбаны, тагыраагы, Арсалан Будажапов менен Эламан Догдурбек уулу катышып, эки балбаныбыз тең чүчү кулакта бири-бирине туш келип калды.

Эки балбан килемге чыгып, анда 5:0 эсебинде Арсалан Будажапов жеңишке жетти.

Бул эки балбан быйылкы өлкө чемпиондугунун жарым финалында кез келип, анда Эламан Догдурбек уулу жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан