Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири старт алды.
Турнирге 86 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Мирлан Чыныбеков алгачкы жүрүшүндө эле словакиялык балбанга 10:0 эсебинде жеңилип калды.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпы 33 балбан катышып жатат.