Биз социалдык тармакта

Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев олимпиадалык резервдеги мектептин директору болуп дайындалды

Эркин жана грек-рим, бильярд жана велоспорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин жаңы директору болуп Каныбек Сагынбаев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токоноев эркин жана грек-рим, бильярд жана велоспорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин жаңы директору катары эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Сагынбаевди жамаатка тааныштырды.

Белгилей кетсек, Каныбек Сагынбаев Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2007, 2010, 2014) жана башка бир катар ири турнирлердин жеңүүчүсү.

Буга чейин бул кызматты Айша Карымшакова ээлеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2021-02-26 20:47:59
Кадр саясаты туура болсо эн жакшы.
-1
zilish_kg
2021-02-26 21:02:04
Спортсмендерге смортсмен киши жетекчи болсо жыйынтык мыкты болот, туура тандалган кадр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан