Күрөш: Килемге чыккан үч кыргыз балбаны тең жеңилүү ызасын тартты. Алар кимдер?

Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири старт алды.

Мелдешке күрөштүн грек-рим түрү боюнча 82 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Калидин Асыкеев алгачкы жүрүшүндө эле жергиликтүү балбанга 9:1 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан Алибек Осмонов азербайжандык балбанга 12:2 эсебинде жеңилип калды.

Ушул эле салмакта эркин күрөш боюнча килемге чыккан Айбек Токтогул уулу украиналык балбанга 6:5 эсебинде жеңилди.

Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 33 балбан катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан