Бишкекте уюлдук "телефон уурдады" деп шектелген кыз кармалды
Борбордогу №4-төрөт үйүнөн 9-октябрда уюлдук телефон уурдаган кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Төрөт үйүнөн Бишкек шаарынын жашоочусу 23 жаштагы К.Ж. аттуу айымдын 500 долларлык уюлдук телефону уурдалган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам чара көрүп, шектүү катары 21 жаштагы Д.Г. аттуу шаар тургунун кармашты. Учурда тергөө жүрүп жатат.