Биз социалдык тармакта

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы таап ата-энесине өткөрүп беришти

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы таап үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

2021-жылдын 26-февралда болжол менен саат 13:25 чамасында Бишкек ШИИББинин "102” кызматына Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен бала жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2006-жылы туулган Ж.Э. аттуу бала жоголуп, изделип жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен баланы таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде баланын апасы милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан