Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнири башталды.
Мелдешке 97 килограмм салмакта грек-рим күрөшү боюнча катышкан кыргыз балбан Үзүр Жусупбеков болгариялык балбан Кирилл Миловду 6:5 эсебинде жеңип, турнирдин чейрек финалына чыкты.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүндө эле украиналык балбан кызды 33 секунддун ичинде 10:0 эсебинде жеңди.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 33 балбан катышууда.