Бүгүн, 26-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана эскерүү үчүн эл аралык турнир старт алды.
Турнирге 57 килограмм салмакка чыккан кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу үчүнчү беттешинде Беларусь өлкөсүнөн келген балбанды жеңип, турнирдин чейрек финалына жолдомо алды.
Ал эми эркин күрөш боюнча 65 салмакта катышкан дагы бир балбан Эрназар Акматалиев чейрек финалда румыниялык балбанды жеңип, турнирдин жарым финалына жолдомо алды.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 33 балбан катышып жатат.