Бишкекте мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн программалык-усулдук иштелмелеринин республикалык сынагы жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын "Ийгиликке карай жол" аттуу республикалык кесиптик сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жеңүүчүлөргө диплом, компьютер, ноутбук жана принтерлерди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тапшырды.
Жалпысынан эки сынакта 17 мугалим жана 15 мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары сыйлык алышты.
Калыстар тобунун чечими менен методикалык иштер боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду:
Экинчи орун:
Үчүнчү орун:
Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын "Ийгиликке карай жол" аттуу республикалык кесиптик сынагы өткөрүлүп, жамааттык иштер сунушталды. Орундар төмөнкүдөй болду:
Биринчи орун:
* "Баластан" балдардын билим берүү борбору, Талас шаары, Талас облусу;
* Баткен облусунун Лейлек райондук "Баластан" балдар чыгармачылык борбору;
* Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору;
* Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору.
Экинчи орун:
* Жалал-Абад шаарындагы "Ариет" балдардын чыгармачылык борбору жана Балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борбору Майлуу-Суу шаары, Жалал-Абад облусу;
* Ош облусунун Кара-Кулжа атындагы балдардын чыгармачылык борбору;
* Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы балдардын билим берүү борбору;
* Ош шаарындагы "Келечек" балдардын чыгармачылык борбору;
* Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарындагы балдардын билим берүү борбору.
Үчүнчү орун:
* Нарын облустук балдардын билим берүү борбору;
* Жалал-Абад облустук балдардын чыгармачылык үйү;
* Нарын облусунун Ат-Башын райондук балдардын билим берүү борбору.
Белгилей кетсек, сынак 2020-жылдын 1-октябрынан 2021-жылдын 15-февралына чейин өткөрүлдү.