26-февралда башталган Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучулары эскерүү боюнча эл аралык турнир уланууда.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 59 килограмм салмакта катышкан балбан кыз Назира Марсбек кызы жарым финалда украиналык балбан менен кез келип, 9:2 эсебинде жеңишке жетти. Муну менен Кыргыз балбан кызы мелдештин финалына жолдомо алды.
Учурда мелдеш уланууда.