26-февралда башталган Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучулары эскерүү боюнча эл аралык турнир уланууда.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 76 килограм салмакта катышкан Айпери Медет кызы канадалык балбан менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басты. Муну менен кыргыз балбан кызы турнирдин финалына чыкты.
Буга чейин кыз-келиндер арасында Кыргыз курамасынан Назира Марсбек кызы финалга чыккан.