Күрөш: "Аягына чейин аракет кылып". Амантур Исмаилов алгачкы атаандашына 2 упай айырмачылыгында жеңилип калды

Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.

Турнирге күрөштүн грек-рим түрү боюнча катышкан 23 жаштагы белгилүү кыргыз балбаны Амантур Исмаилов грузиялык балбанга 11:9 эсебинде жеңилип калды. Кыргыз балбаны беттештин акыркы секундуна чейин аракет кылганын баса белгилеп кетүү керек.

Амантур Исмаилов быйылкы өлкө чемпиондугуна 67 килограмм салмакта катышып, анда финалда Марлен Асикеевден утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан